АЛЫМБЕКОВ Найкайбек
Jump to navigation
Jump to search
АЛЫМБЕКОВ Накайбек (12. 08. 1934-жылы туулган, Чүй облусу, Аламүдүн району, Баш-Кара-Суу айылы) – слесарь, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1974). Эмгек жолун 1951-жылы Фрунзе атындагы айыл чарба машиналарын куруу заводунда баштап, 1955–81-жылдарда «Кыргызавтомаш» заводунда слесарь-инструменталыщик, 1981–95-жылдары кесиптик-техникалык окуу жайында өндүрүштүк окутуу боюнча мастери болуп эмгектенген. Кыргыз ССР Жогорку Советинин (9-шайланган) депутаты болгон. Эки Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.