АЛТЫН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛТЫН (лат. aurum) Au – элементтердин мезгилдик системасынын 1-тобундагы химиялык элемент. Атомдук номери 79, атомдук массасы 197, туруктуу бир изотобу Au197 бар. Байыртан бери белгилүү асыл металл. Жаратылышта эркин уюган же майда кум, топуракка аралашкан түрүндө жолугат. Алтын жумшак, созулгуч, жалтырак, сары түстөгү металл. Атомдук радиусу 1,44 А, иондук радиусу 1,37 А.Тыгыздыгы 19,32 г/смг. Балкып эрүү 11064,43 С; кайноо t 2947 С. Магнитке тартылбайт. Химиялык активдүүлүгү начар: кычкылтек, суутек, азот жана көмүртек менен жогорку температурада да кошулбайт. Хлорду Алтындын күкүмдөрү менен 140-150 С ысытканда хлордуу алтын (AuCI3) пайда болот. 1 көлөм азот жана 3 көлөм туз кислотасынын, күкүрт жана азот кислотасынын аралашмаларында жана циандуу натрийдин суудагы эритмесинде гана ээрийт. Химиялык бирикмелеринде 1 жана 3 валенттүү, бирикмелери туруксуз. Оксиддери (Au20, Аи203) кыйыр жол менен, башкача айтканда гидроксиддерин АuОН, Аu(ОН)3 ысытуудан алынат. Алтын сымап менен амальгамаларды пайда кылат. Бул касиети аны кенден бөлүп алууда колдонулат. Анын куймалары зергер буюмдарды, тыйын, медаль, тиш протезин ж. б. даярдоодо колдонулат. Платина менен куймасы химиялык туруктуу аспаптарда, ал эми платина-күмүш куймасы электр техникада пайдаланылат.

Ад.: Паддафет Р. Химия золота, пер. с англ. М., 1982.

Б. Иманакунов.