АЛЕКСАНДРИЯ МАЯГЫ
Jump to navigation
Jump to search
АЛЕКСАНДРИЯ МАЯГЫ‒ «Дүйнөнүн жети керемети» деп аталган статуялар менен курулмалардын бири; Фарос аралында, Александрия шаарына жакын жерде биздин заманга чейин 280-жылы курулган. Биринин үстүнө бири кабатталган үч бөлүктүү мунаранын бийиктиги 120 мге жеткен. Анын чокусунда туш тарабы ачык таш чарпаяда от күйүп, кемелерге жол көрсөтүп турган.
