АКРОПОЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АКРОПОЛЬ (грекче akropolis ‒ бийиктеги шаар) ‒ байыркы гректердин атайын бийик жерге салган, чептей бекем коргонуучу жайы. Аны курчай шаар чиркөөлөрү жана башка коомдук курулуштар жайланышкан. Акрополь жеринин бийиктиги, дубалынын калыӊдыгы жана бекемдиги менен айырмаланып, согуш мезгилинде шаар калкынын душмандардан коргонуучу, ошондой эле кудайга сыйынуучу касиеттүү жайы болгон.

Афины ‒ Акрополу

Бүгүнкү күндө Афины, Парфенон, Эрехтейон, Ники-Аптерос сыяктуу шаарлардагы акрополдор дүйнө жүзүнө белгилүү.