АКНАЗАРОВ Корчубек

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АКНАЗАРОВ Корчубек (01. 08. 1922, Талас облусу, Бакай‑Ата району, Кызыл‑Жар айылы – 01. 02. 2019, Бишкек) – белгилүү мамлекеттик жана саясий ишмер, айыл чарба өндүрүшүн уюштуруучу, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1966). Улуу Ата Мекендик согуштун ка­тышуучусу. Эмгек жолун 1941‑жылы мугалимдиктен баштаган. 1947‑жылдан же­текчи кызматта: компар­тиянын Чаткал, Ала‑Бука, Октябрь, Базар‑Коргон рай­комдорунун 2‑катчысы, Ала‑Бука райаткомунун төрагасы, 1961‑1990‑жылдары Ак ­Талаа, Жумгал, Кочкор рай­комдорунун 1‑катчысы.
Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1963–1990), КРдин Жогорку Кеңешинин де­путаты (1990–1995). Эки Ленин, Эки Эмгек

АКНАЗАРОВ51.png

Кызыл Туу, Октябрь Революциясы, «Ардак Бел­гиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.