АККРЕДИТИВ
Jump to navigation
Jump to search
АККРЕДИТИВ (лат. accreditivus - ишенимдүү) - 1) кредит берүүчү мекемеде (банкта, көбүнчө аманат банкында) аккредитивде көрсөтүлгөн сумманы толук же бир бөлүгүн белгиленген мөөнөттө алуу үчүн алуучунун аты жазылып, укугун күбөлөндүргөн баалуу кагаз; 2) милдеттенмелер аткарылгандан кийин товар, иш аткаргандык же кызмат көрсөткөндүк үчүн токтоосуз төлөм алууга мүмкүндүк берүүчү банк эсебинин түрү; ишканалар менен уюмдардын ортосунда акчасыз эсептешүүнун түрү катары, ошондой эле коммерциялык операциялар боюнча эл аралык эсептешүүдө пайдаланылат. Негизги түрлөрүнө акчалай жана товардык (документтүү) аккредитив кирет.