АЙТЫМ КҮҮЛӨР
Jump to navigation
Jump to search
АЙТЫМ КҮҮЛӨР – комуз күүлөрүндөгү ири жанрдын бири. Аткаруучу чыгарманын мазмунун айтып, маанисин чечмелеп, ыр, куюлушкан жорго сөз, кыраат, ишаарат жанa тууроо сыяктуу каражаттарды колдонуу менен комуздун жана кылкыяктын коштоосунда аткарат. Айтым күүлөргө жомок‑дастан күүлөр, тамсил күүлөр кирет. Айтым күүлөр акындардын репертуарынан да кезигет. Өзгөчө Ныязаалы, Токтогул, Айдараалы, Атай, Жантакпай, Эркесары сыяктуу атактуу комузчулардын репертуарында жанa чыгармаларында (мисалы, Ныязаалынын «Кара өзгөй», Токтогулдун «Тогуз кайрык», Атайдын «Ак тамак, Көк тамак», Эркесарынын «Сары барпы» жана башкалар) айтым күүлөр негизги орунду ээлеген.
Б. Алагушов.