АЙМАНБЕТОВ Миңбай
Jump to navigation
Jump to search
АЙМАНБЕТОВ Миңбай (1930, Нарын облусу, Кочкор району, Ак‑Жар кыштагы– 1997, Бишкек) – медицина илимдеринин доктору (1971), профессор (1972). Кыргыз ССРинин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1984), КРдин эмгек сиңирген врачы (1995). КММИни (1954), аспирантурасын (1957) бүтүргөн, ошол эле жерде ассистент (1957‑66), улук илимий кызматкер (1966‑68), доцент (1968‑72) болуп иштеген. Негизинен органдар менен ткандардын регенерация жана трансплантация проблемаларын изилдеген.
Эмг.: Регенерация нервов. Ф., 1960; Трансплантация и регенерация органа. Ф., 1975; Проблемы эхинококкоза в Киргизии. Ф., 1989; Биологическая несовместимость при гемотрансплантации периферического нерва. М., 1971.