АЖЫБЕК датка

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЖЫБЕК, Алчикен уулу Ажыбек датка (болжол менен 1770–1780, Талас өрөөнү – болжол менен 1840, ошол эле жерде) – Талас өрөөнүнүн башкаруучусу, датка. Саруу уруусунун алак­чын уругунан. Атасы Алчикен айтылуу баатыр, эл башкарган адам болгон. Ажыбек азыркы Кара‑Буу­ра районундагы Бакайыр, Үч‑Коргон (ошол мезгилде 2 коргонун Ажыбек датка уулу Нурак менен 1820‑жылы Олуя‑Атадан 18 км аралыкта курдурган, дагы бирин Эшенжан кожо салдырган) аймактарын жердеген. Жубайы кушчу уруусунун бийи ­Кубат бийдин карындашы Аксуусардан эки уул, бир кыздуу (Кудаяр, Нурак жана Акканыш) болгон. Кокон хандыгынын өкүмдары Мадалы хан (1822–1841) менен алакада болгон. 1838‑жылы 1‑июлда Ажыбекке датка даражасы ыйгарылган. Анын айы­лында Шераалы 35 жылдай жашырынып жа­шап келген. Мадали хан Шераалыны бир нече ирет Коконго чакырып, келтире албагандыктан, буга Ажыбекти күнөөлөп, 1839–1840‑жылдары Ажыбектин уулу Ку­даярды, кийинчерээк анын өзүн Олуя‑Атага ал­дырып келип өлтүрткөн. Ажыбектин уулу Нурак туугандары менен Чүйгө көчүп келип, бир жылдан кийин кайра Таласка кайтып барган (ал дагы кийинчерээк өлтүрүлгөн). Кокон ханы Кудаяр­дын жарнамасы боюнча анын атынан Ташкенттин беглер беги Нармат парваначы тарабынан Ажыбектин небереси Нурактын уулу Кыдыраалы (1835-­1899‑жылдар жашаган) 1849‑жылы 1‑декабрда атасынын ордуна бий жана «туу сактагыч» болуп дайын­далган экен. Кыдыраалынын бул даражасы кийин 1858‑жылы Малла хандын жарнамасы менен ырасталган. Россия бийлеген доордо ал Алак­чын жана Үч‑Коргон волостторуна (болуштугу) башчылыкка шайланат. Ажыбектин чөбөрөсү Эшен­кул ажы Кыдыраалы уулу (1863–1933‑жылдарда жашаган) да волость башчысы болуп шайланган абройлуу адам болгон. Ажыбектин образы Масалбек Кадыралы уулунун «Ажыбек датка» дастанында чагылдырылган.
Д. Сапаралиев.