АГГЛЮТИНАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АГГЛЮТИН́АЦИЯ (лат. agglutinatio ‒ жабыштыруу) б и о л о г и я д а – бактериялардын, кан эритроциттеринин бири бирине жабышып чөгүшү. Агглютинация ар кандай жугуштуу ооруга чалдыккан, иммундалган адамдын жана жаныбардын канындагы антителолордун өзгөчө заты – агглютининдердин таасиринин натыйжасында жүрөт. Агглютинация реакциясы электролиттердин (натрий хлориди жана башка туздар) катышуусунда гана өтөт. Ал кандын кайсы топко кирерин, жугуштуу ооруга чалдыктырган микробдордун түрүн жана тибин аныктоодо кеӊири колдонулат.