АВТОГАМИЯ
Jump to navigation
Jump to search
АВТОГАМИЯ (авто… жана гр. gamos ‒ нике) ‒ 1) татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн өзүн өзү чаӊдаштыруусу. Аларга дан өсүмдүктөрүнөн буудай, сулу, арпа, чанактуулардан буурчак, төө буурчак жана башка көпчүлүк отоо чөптөр кирет; 2) бир клеткалуу организмдердин өзүн өзү уруктандыруусу. Анда эки ядронун биригиши жүрөт (мисалы диатом балырлары, айрым амёбаларда). Мында клетка ядросу экиге бөлүнүп, алар жетилгенден кийин кайра кошулат.