АВГУСТ Октавиан
АВГУСТ Октавиан (биздин заманга чейин 23. 9. 63, Рим Республикасы, Рим – биздин заманга чейин 19. 8. 14, Рим империясы, Нола) – Рим императору (биздин заманга чейин 27-жылы). Байыркы Римдин саясий ишмери, Рим империясынын негиздөөчүсү. Биздин заманга чейин 44-жылы Гай Юлий Цезарь асырап алып, өзүнүн мураскору деп жарыялаган. Цезарь өлтүрүлгөндөн кийин Октавиан анын аскерлерине таянып, императордун тактысы үчүн күрөш жүргүзгөн. Алгач Антоний жана Лепид менен бирдикте (2-триумвират), республикачыл сенаттын жол башчылары Брут менен Кассийдин (Цезарды өлтүргөндөрдүн) аскерлерин талкалайт. Биздин заманга чейин 36-жылы Помпейдин аскерлерин жеңип, Лепидди бийликтен ажыратат. Биздин заманга чейин 31-жылы Египетке каршы согуш жарыялап, анын натыйжасында өзүнүн негизги душманы Антоний менен Египет ханышасы Клеопатранын аскерлерин талкалайт. Ушундан кийин А. Рим мамлекетинин диктаторуна айланат. Рим сенаты Октавианга «Август» («Ыйык адам») деген титул ыйгарып, «Мекен атасы» деп аташкан. Өлгөндөн кийин А. Кудай деп жарыяланып, ал каза болгон ай анын урматына август айы аталып калган. Август маанилүү саясий-административдик реформаларды жүргүзгөн. Мамлекетти башкарууда жаңы саясий режим — принципат орнотулган. Анын тушунда Рим империясынын курамына Испания толук каратылып, Египет, Мезия, Паннония, Германия провинциялары түзүлгөн. Курулуш иштери кеңири кулач жайып («Римди мраморго бөлөдү»), маданият, адабият өнүккөн.