АВТОГАМИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:38, 22 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Gulira (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АВТОГАМИЯ (автожана гр. gamos ‒ нике) ‒ 1) татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн өзүн өзү чаӊдаштыруусу. Аларга дан өсүмдүктөрүнөн буудай, сулу, арпа, чанактуулардан буурчак, төө буурчак жана башка көпчүлүк отоо чөптөр кирет; 2) бир клеткалуу организмдердин өзүн өзү уруктандыруусу. Анда эки ядронун биригиши жүрөт (мисалы диатом балырлары, айрым амёбаларда). Мында клетка ядросу экиге бөлүнүп, алар жетилгенден кийин кайра кошулат.