АРХЕТИП

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:30, 1 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРХЕТИП (гр. arche – башат, tupos – үлгү, элес) – тектештирме-тарыхый тил илиминде кийинки түзүлүштөр үчүн баштапкы форма. Архетип тектеш тилдердеги мыйзам ченемдүү шайкештиктердин негизинде калыбына келтирилет. Архетип бир катар тилдердеги реалдуу структуралык элементтерди салыштыруунун натыйжасында алынган теориялык жактан ыктымал форма болуп саналат. Архетип катары тилдик түрдүү бирдиктер ж-а структуралар – лексема, негиз, уңгу, морфема, фонема, атүгүл сүйлөмдөр да алынат.

С. Мусаев