МУЗЫКАЛЫК ЭСТЕТИКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:29, 9 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''МУЗЫКАЛЫК ЭСТЕТИКА''' (грекче aisthetikos – сезим, сезим таасири) – музыканы көркөм өнөрдүн түрү кат...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

МУЗЫКАЛЫК ЭСТЕТИКА (грекче aisthetikos – сезим, сезим таасири) – музыканы көркөм өнөрдүн түрү катары үйрөнгөн музыка таануу илиминин тармагы. Ал көркөм өнөрдүн жалпы өзгөчөлүгү, музыка өнөрүнүн жеке мүнөзү менен сезим таасирлеринен жаралган кейиптердин мыйзам ченемдүүлүгү ортосундагы байланыштарды диалектикалык бирдикте карап үйрөнөт, изилдейт. Музыкалык эстетика философиялык эстетика менен байланышта жана анын жалпы усулун пайдаланат, ага таянат. Музыкалык эстетика XIX кылымдын аягында музыка таануунун өзүнчө багыты катары бөлүнүп чыккан. Азыркы учурда музыкалык эстетика музыка өнөрүнүн баалуулугун, тарыхый өнүгүүсүнүн, жашоонун бирдиктүү мыйзамы жана музыка өнөрүнүн жеке өзгөчөлүгү ортосундагы байланышты жана башка багыттарды изилдөөдө.