ЛУМЗДЯЛИС

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:31, 9 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''ЛУМЗДЯЛИС''', лумждис, ламз делис, дуделе – литвалыктардын аэрофондор түркүмүндөгү музыкалык...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

ЛУМЗДЯЛИС, лумждис, ламз делис, дуделе – литвалыктардын аэрофондор түркүмүндөгү музыкалык аспабы. Добуш алууну оңойлоткон ышкырык жылчыгы бар. Лумздялистин узундугу 150-400 миллиметр. 3-8 көзөнөктүү. Диатоникалык добуш катарында. Лумздялисти көбүнчө мал кайтаргандар ырды, бийди коштоодо колдонушкан.