АУСКУЛЬТАЦИЯ
Jump to navigation
Jump to search
(лат. auscultatio ‒ тыӊшоо) ‒ адамдын органдарынан (өпкө, жүрөк, кан тамыр ж. б.) чыккан добушту тыӊшоого негизделген дарыгерлик изилдөө ыкмасы. Б. з. ч. 2-к-да гр. дарыгери Аретей жүрөктү 1-жолу тыӊшаган, ал эми фр. дарыгери Р. Лаэннек (1819) стетоскопту (мед. түтүк) колдонуп, А. методун иштеп чыккан. Дени соо адам дем алганда өпкөдөн өзгөчө добуш угулат. Ал эми өпкө ж-а бронх сезгенгенде нымдуу же кургак кырылдаган добуш чыгат. Жүрөктүн кадимки добушунун өзгөрүшү же андагы шуулдоо жүрөктө түрдүү оорунун пайда болгонун билгизет. Кан тамырлар артериялык кан басымын өлчөөдө тыӊшалат. Курсакты түздөн-түз (денеге кулакты такап) же кыйыр (стетоскоп же фонендоскоптун
жардамы м-н) тыӊшап ичеги-карындын жыйрылуусун, о. эле жатындагы баланын жүрөгүнүн сокконун аныктоого болот.