АНАРОВ Айтбай
Jump to navigation
Jump to search
АНАРОВ Айтбай (1904, Ош обл., Араван району,Ачы айылы – 30.1.1989, ошол эле жерде) – айыл чарба өндүрүшүн уюштуруучусу, Социалдык Эмгектин Баатыры (1957). 1936-жылга чейин «Ачы», «Комсомол» колхоздорунун башкармасынын төрагасынын орун басары, 1936-жылдан Ош облусунун Араван районундагы «Коммунизм» колхозунун башкармасы. Ал жетектеген колхоз алдынкы чарбага айланып, а. ч. өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү артып, коомдук малдын саны көбөйүп, кунардуулугу жогорулаган. Ленин, эки Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.