АГГЛЮТИНАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:06, 2 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АГГЛЮТИН́АЦИЯ (лат. agglutinatio ‒ жабыштыруу) б и о л о г и я д а – бактериялардын, кан эритроциттеринин бири бирине жабышып чөгүшү. А. ар кандай жугуштуу ооруга чалдыккан, иммундалган адамдын жана жаныбардын канындагы антителолордун өзгөчө заты – агглютининдердин таасиринин натыйжасында жүрөт. Агглютинация реакциясы электролиттердин (натрий хлориди ж. б. туздар) катышуусунда гана өтөт. Ал кандын кайсы топко кирерин, жугуштуу ооруга чалдыктырган микробдордун түрүн жана тибин аныктоодо кеӊири колдонулат.