АЛТЫН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:32, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (5), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (5)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛТЫН (лат. aurum) Au – элементтердин мезгилдик системасынын 1-тобундагы хим. элемент. Ат. н. 79, ат. м. 197, туруктуу бир изотобу Au197 бар. Байыртан бери белгилүү асыл металл. Жаратылышта эркин уюган же майда кум, топуракка аралашкан түрүндө жолугат. А. жумшак, созулгуч, жалтырак, сары түстөгү металл. Атомдук радиусу 1,44 А, иондук радиусу 1,37 А.Тыгыздыгы 19,32 г/смг. Б. эрүү 11064,43 С; кайноо t 2947 С. Магнитке тартылбайт. Хим. активдүүлүгү начар: кычкылтек, суутек, азот жана көмүртек менен жогорку темп-рада да кошулбайт. Хлорду А-дын күкүмдөрү менен 140 -150 С ысытканда хлордуу A. (AuCI3) пайда болот. 1 көлөм азот жана 3 көлөм туз к-тасынын, күкүрт жана азот к-тасынын аралашмаларында жана циандуу натрийдин суудагы эритмесинде гана эрийт. Хим. бирикмелеринде 1 жана 3 валенттүү, бирикмелери туруксуз. Оксиддери (Au20, Аи203)

кыйыр жол менен, б. а. гидроксиддерин АuОН, Аu(ОН)3 ысытуудан алынат. А. сымап менен  амальгамаларды пайда кылат. Бул касиети аны кенден бөлүп алууда колдонулат. Анын куймалары зергер буюмдарды, тыйын, медаль, тиш  протезин ж. б. даярдоодо колдонулат. Платина  менен куймасы хим. туруктуу аспаптарда, ал эми  платина-күмүш куймасы электр техникада пайдаланылат. Ад.: Паддафет Р. Химия золота, пер. с англ. М.,
1982.	                                                                                                            Б. Иманакунов.