АСРАНКУЛОВ Аман Бөрүбаевич

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АСРАНКУЛОВ Аман Бөрүбаевич (24. 12. 1939, Фрунзе ‒ 1998) ‒ живописчи. КРдин эл сүрөтчүсү (1997), Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты. Фрунзедеги көркөм сүрөт окуу жайын (1964), Москвадагы В. И. Суриков атындагы көркөм сүрөт институтун (1969) бүтүргөн. 1970-жылдан республикалык, бүткүл союздук ж-а эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу. 1971-жылдан СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. 1976-ж. Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун Ош обл. бөлүмүнүн төрагасы болуп шайланган. А. Асранкуловдун чыгармачылыгын көбүнчө сюжеттик-тематикалык ж-а портрет жанры түзгөн: «Тамекичилер», «Теӊтуштар» (1973), «Тамеки престөөчүлөр» (1980). А. Асранкуловдун эмгектери Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде ж-а КМШ өлкөлөрүнүн музейлеринде сакталууда.

АСРАНКУЛОВ3.png
Асранкулов А. Б. Кашардын жанында. 1977.