АЖЫБЕК датка

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:00, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> (6), ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЖЫБЕК Алчикен уулу, Ажыбек датка (болжол менен 1770–80, Талас өрөөнү – болжол менен 1840, ошол эле жерде) – Талас өрөөнүнүн башкаруучусу, датка. Саруу уруусунун алак­чын уругунан. Атасы Алчикен айтылуу баатыр, эл башкарган адам болгон. А. азыркы Кара‑Буу­ра р‑ндагы Бакайыр, Үч‑Коргон (ошол мезгилде 2 коргонун А. датка уулу Нурак менен 1820‑ж. Олуя‑Атадан 18 км аралыкта курдурган, дагы бирин Эшенжан кожо салдырган) аймактарын жердеген. Жубайы кушчу уруусунун бийи ­Кубат бийдин карындашы Аксуусардан эки уул, бир кыздуу (Кудаяр, Нурак жана Акканыш) болгон. Кокон хандыгынын өкүмдары Мадалы хан (1822–41) менен алакада болгон. 1838‑ж. 1‑июлда А‑ке датка даражасы ыйгарылган. Анын айы­лында Шераалы 35 жылдай жашырынып жа­шап келген. Мадали хан Шераалыны бир нече ирет Коконго чакырып, келтире албагандыктан, буга А‑ти күнөөлөп, 1839–40‑ж. А‑тин уулу Ку­даярды, кийинчерээк анын өзүн Олуя‑Атага ал­дырып келип өлтүрткөн. А‑тин уулу Нурак туугандары менен Чүйгө көчүп келип, бир жылдан кийин кайра Таласка кайтып барган (ал дагы кийинчерээк өлтүрүлгөн). Кокон ханы Кудаяр­дын жарнамасы б‑ча анын атынан Ташкенттин беглер беги Нармат парваначы тарабынан А‑тин небереси Нурактын уулу Кыдыраалы (1835-­99‑ж. жашаган) 1849‑ж. 1‑декабрда атасынын ордуна бий жана «туу сактагыч» болуп дайын­далган экен. Кыдыраалынын бул даражасы кийин 1858‑ж. Малла хандын жарнамасы менен ырасталган. Россия бийлеген доордо ал Алак­чын жана Үч‑Коргон волостторуна (болуштугу) башчылыкка шайланат. А‑тин чөбөрөсү Эшен­кул ажы Кыдыраалы уулу (1863–1933‑ж. жашаган) да волость башчысы болуп шайланган абройлуу адам болгон. А‑тин образы Масалбек Кадыралы уулунун «Ажыбек датка» дастанында чагылдырылган.
Д. Сапаралиев.