АГГЛЮТИНАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:45, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АГГЛЮТИН́АЦИЯ (лат. agglutinatio ‒ жабыштыруу) б и о л о г и я д а – бактериялардын, кан эритроциттеринин бири бирине жабышып чөгүшү. А. ар кандай жугуштуу ооруга чалдыккан, иммундалган адамдын жана жаныбардын канындагы антителолордун өзгөчө заты – агглютининдердин таасиринин натыйжасында жүрөт. А. реакциясы электролиттердин (натрий хлориди ж. б. туздар) катышуусунда гана өтөт. Ал кандын кайсы топко кирерин, жугуштуу ооруга чалдыктырган микробдордун түрүн жана тибин аныктоодо кеӊири колдонулат.