АРСТАН топ жылдызы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:33, 1 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРСТАН– зодиак топ жылдызы. Жылдыз картасынан А. топ жылдызынын α, β, δ, θ, γ, ξ, η, λ, μ, ε ж-a λ жылдыздары арстанды элестетет. А. топ жылдызынын өтө жарык жылдызы (α-Арстан) – Регул. Регулдун айланасында айланган эки жылдыздын чоңдуктары 7,6m ж-а 13m. А. топ жылдызынын γ -Арстанынын бирөө сары түстө, экинчиси кызгылт түстө болуп, кош жылдыздарды түзөт. А. топ жылдызына тушма-туш аймактан галактикалар табылган. Ноябрь айында радианты а=152°, δ =+22° болгон Леониддер – метеор уюгу байкалат. КМШ өлкөлөрүнүн аймагынан кышында ж-а жазында көрүнөт.