АЧЫЛОВА Рахат
АЧЫЛОВА Рахат [30. 5. 1941, Ош обл., Баткен р-ну, Говсувар айылы ‒ 5. 3. 2015, Бишкек] ‒ философ, философия илимд. доктору (1988), профессор (1989). КРдин илимге эмг. сиӊ. ишмери. Жалал-Абад пед. окуу жайын (1958), КМУнун тарых ф-тин (1963) Ленинград ин-тинин аспирантурасын (1969) бүтүргөн. 1966‒87-ж. КМУда социол. лабораториясынын, философия кафедрасынын башчысы, 1987‒92-ж. Кыргыз кыз-келиндер пед. ун-тинин ректору, 1993‒95-ж. Кырг-н айыл чарба ун-тинде кафедра башчысы, 2000-жылдан КМУУнун Эл аралык билим берүү программаларын интеграциялоо ин-тунун профессору. КРдин Жогорку Кеӊешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты болуп шайланган (1995‒2000). 150дөн ашык ил. эмгектин, (а. и. 3 монография) автору. Алар негизинен коомдогу үй-бүлөнүн орду, аялдардын абалы, билим берүү, мад-т маселелерин изилдөөгө багытталган. «Ардак Белгиси» ордени м-н сыйланган.
Эмг.: Семья и общество. Ф., 1986; Женское образование в современном Кыргызстане. Б., 1990.