АМУДАРЫЯ КАЗЫНАСЫ
19:22, 21 Май (Бугу) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
– Грек-Бактрия дооруна (б. з. ч. 4-2 к.) таандык эстелик. 1877-ж. Самарканддан Кундузга кеткен жолдогу Аму дарыянын кечүүсүнө жакын жерден табылган. А. к-нын табылгасы 179 алтын, 7 күмүш буюм, 1300 коло тыйындан турат. Бул табылга 1897-ж. Индия аркылуу «Британия» музейине жеткирилген.
Анда алтындан куюлган статуялар, билериктер, ат, араба, эчки, каз, балык ж. б. бар. А. к. байыркы көчмөн сак ж-а скиф урууларынын жакындыгы бар экендигин далилдейт.