АЛТЫН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
23:56, 4 Май (Бугу) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(лат. aurum) Au – элементтердин мезгилдик системасынын 1-тобундагы хим. элемент. Ат. н. 79, ат. м. 197, туруктуу бир изотобу Au197 бар. Байыртан бери белгилүү асыл металл. Жаратылынгга эркин уюган же майда кумтопуракка аралашкан түрүндө жолугат. А. жумшак, созулгуч, жалтырак, сары түстөгү металл.

Атомдук радиусу 1,44 А, иондук радиусу 1,37 А. Тыгыздыгы 19,32 г/смг. Б. эрүү 11064,43 С; кайноо t 2947 С. Магнитке тартылбайт. Хим. активдүүлүгү начар: кычкылтек, суутек, азот ж-а көмүртек м-н жогорку темп-рада да кошулбайт. Хлорду А-дын күкүмдөрү м-н 140 -150 С ысытканда хлордуу A. (AuCI3) пайда болот. 1 көлөм азот ж-а 3 көлөм туз к-тасынын, күкүрт ж-а азот к-тасынын аралашмаларында ж-а циандуу натрийдин суудагы эритмесинде гана эрийт. Хим. бирикмелеринде 1 ж-а 3 валенттүү, бирикмелери туруксуз. Оксидцери (Au20, Аи203) кыйыр жол м-н, б. а. гидроксиддерин АиОН, Аи(ОН)3 ысытуудан алынат. А. сымап м-н амальгамаларды пайда кылат. Бул касиети аны кенден бөлүп алууда колдонулат. Анын куймалары зергер буюмдарды, тыйын, медаль, тиш протезин ж. б. даярдоодо колдонулат. Платина м-н куймасы хим. туруктуу аспаптарда, ал эми платина-күмүш куймасы электр техникада пайдаланылат.
Ад.: Паддафет Р. Химия золота, пер. с англ. М., 1982. Б. Иманакунов.