АРАГОН тарыхый облусу

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:19, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАГОН, А р а г ы н – тарыхый облус. Испаниянын түн.-чыгышында жайгашкан. Аянты 47,7 миң км2. Калкы 1,321 млн адам (2019). 3 провинциядан турат: Сарагос, Теруэль, Уэска. Башкы шаары – Сарагоса. А. аймагын байыртадан иберлер, кельттер, басктар мекендешкен. Б. з. ч. 3-к-дын аягынан Римдин, б. з. 395-жылдан Батыш Рим империясынын бийлиги астында. 5–8-к-дардын башында вестготтор, кийин мусулмандар бийлеген. 800-жылга жакын ал Каролинг мамлекетинин испан маркасынын бир бөлүгү болгон. 9-к-да Арагон дарыя бассейнинде көз карандысыз А. графтыгы негизделген. 10-к-да аны Наварра падышалыгы басып алган. 1035-ж. Наварра бөлүнгөн соң, А. көз карандысыз королдукка айланган. Реконкистанын жүрүшүндө А. Уэска, Барбастро, Сарагоса (1118-жылдан А-дун борбору) ш-н басып алып, мамлекеттин чек араларын кеңейткен. 1137-ж. жеке союздун базасында А. менен Барселон графтыгы биригип, А. королдугу аталган. Кийинчерээк А-дун курамына Каталониянын айрым жерлери, Руссильон графтыгы жана Франциянын түштүгү кирген. 13-к-да А. королдугу маврларды, Балеар а-н, Валенсияны, 1282–1302-ж. Сицилия, 1326-ж. Сардиния, 1442-ж. Неаполитан королдуктарын караткан. 1479-ж. А. менен Кастилия биригип, бирдиктүү Испания мамлекетинин негизин түзгөн. A. Испаниянын провинцияларынын бирине айланган, бирок узак убакыт бою өзүнүн мурдагы көз карандысыздыгын сактап келген. Наполеон бийлигине каршы «көз карандысыздык үчүн согуш» (1808–14), Карлист согуштары (1833–40, 1872–76), айрыкча 1936–39-ж-дагы жарандык согуш мезгилинде согуш аракеттеринин аренасы болгон. А. 1982-жылдан Испаниянын автономия облусу. Жарандык эркиндиктер калыбына келтирилип, демократияга өтүү башталган. Жерг. парламент (Кортес), жерг. бийлик жана сот адилеттиги калыбына келтирилген.