АРАБАЕВ Ишеналы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:18, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (9), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (7)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАБАЕВ Ишеналы (туурасы Эшеналы) (1882, азыркы Нарын обл., Кочкор р-ну, Күн батыш айылы – 7. 6. 1933, Ташкент ш.) – алгачкы илимпоз-агартуучу, коомдук ишмер, туңгуч «Алиппенин» автору. Ал өзү туулган аймактагы кат билгендерден, молдолордон окуп сабатын ачкан. 1900-ж. Орус-тузем мектебин бүткөн. 1909-ж. чейин Кочкор өрөөнүндөгү айылдарда мугалим болгон. Кийин билим алуу үчүн Теге­ран, Багдад, Оренбург, Казань, Уфа ш-на барган. Оренбургдагы «Хусейин» медресесине барып бир жыл окуган соң, 1910–13-ж. Уфа ш-нда дин сабагы менен бирге европалык үлгүдөгү «Галия» медресесинде окуган. Ал өзүнүн ил. жана агартуучуу­лук эмгектерин ошол кезде эле жазып баштаган. Өз заманынын ойчул, «заманчыл» акыны Шамыркан уулу Молдо Кылычтын «Кысса-и-Зилзаласына» баш сөз жазып, аны 1911-ж. Казань ш-нан чыгарган. Бул кыргыз тарыхында араб ариби менен кыргыз тилинде чыккан биринчи китеп болгон. Андан көп өтпөй казак К. Сарсакеев менен биргелешип, кыргыз, казак балдарына арналган туңгуч «Алип-бээ жаки төтө окуу» (сулуу жазуунун үлгүлөрү) аттуу окуу китебин жазган (1911). Окуу китебинин жаңы ыкмада мазмундуу жазылышы балдардын бат эле кат таанып, сабаттуулукка жетишүүсүнө шарт түзгөн. Ушуга удаа эле казак-кыргыз тилинде жазылган «Жазуу өрнөктөрү» аттуу китебин (1912) Оренбург ш-ндагы «Вакыт» басмасынан чыгарган. Ал жазуучулук, журналисттик кесипти да өздөштүргөн. 1912-ж. «Айкал» казак журналына медреседе кыргыз-казак бай-манап, төрөлөрдүн гана балдары окуп, ал эми кедей-дыйкандын жана жетим балдардын окуй албагандыгын катуу сындап жазган. 1914-ж. «Галия» медресесин бүтүп келип, азыркы Тоң р-ндагы Тогуз-Булак айылында атайы тигилген боз үйдө, кийин Төрткүл айылында мектеп ачкан. 1916-жылкы көтөрүлүштө Кытайга качууга аргасыз болгон. 1917-ж. кайтып келип, совет бийлигин орнотууда жана аны чындоодо бир топ коомдук саясий иштерди аткарган. Кытайлык кыргыз качкындарына жардам берүүнү, кытай бийликтери менен дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү ж. б. маселелерди көтөргөн. Ошол учурдагы казак интеллигенттери тарабынан түзүлгөн «Алаш» партиясынын Кыргызстандагы бөлүмүн уюштурууга, анын программасын түзүүгө катышкан. 1918–24-ж. Түркстандын Жети-Суу обл-нда жооптуу кызматтарда иштеген. И. Арабаев тоолуу р-ндорду бириктирген Тоолуу Кыргыз областын түзүү демилгесин да көтөргөн. Кийин Кара-кыргыз автономия обл. түзүлүп, өзүнчө гезит ачуу маселеси козголгондо И. Арабаев кыргыздын туңгуч гезитине «Эркин тоо» аттуу макала жарыялоо менен анын аталышын аныктаган. Ал саясий жана агартуучулук ишмердигин айкалыштырган, ошол эле учурда мугалимдердин алгачкы даярдоо курстарын уюштурган. Окутуучулук ишмердигин андан ары улантып, кыргыз мектептерине арнап окуу китептерин жазган. Шериктештери менен бирдикте кыргыз алфавитин түзгөн (1917). Андан соң «Алип-бээ» (Ташкент, 1924), «Кыргыз алип-бээси» (1925), «Жазуу жолунда саамалык» (1925), «Сабатсыздыкты жоюу куралы» (1925), «Жаңылык» чондор үчүн алиппе (К. Карасаев менен бирдикте, 1928), «Биздин мектеп» балдар алиппеси (1930), «Эл адабиятын жыйноочуларга колдонмо» (1931), «Табият таануу» (Д. Исмагунов менен бирдикте, 1932) аттуу окуу китептерин

­

АРАБАЕВ 24.png

жазган. Кыргыз терминологиясынын маселелерин изилдеген жана көп китептерди которгон. Ошондой эле Боогачынын «Секетбайын» жана фольклордук ма­териалдарды жыйнаган. 1922-ж. Сагымбай Орозбак уулунан «Манас» эпосун жазууну уюштурган. 1925-ж. Тыныбектин айтуусундагы «Семетейдин Айчүрөккө үйлөнүшү» эпизодун жазып алган, кийин аны Москвадан чыгарган. 1925-ж. «Отузчулар» тобун түзүшкөн. 1933-ж. 11-май күнү негизсиз саясий айып коюлуп камакка алынган. Ошол эле жылы 7-июнда Ташкенттин түрмөсүндө каза болгон. 1958-ж. толугу менен акталган. Бишкектеги «Ак-Өргө» жаңы конушунун бир көчөсүнө, Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетине анын ысмы берилген жана ошол эле университеттин алдына эстелиги тургузулган (1993).
Ад.: Маанаев Э., Осмонкулов А, Э. Арабаев – кыргыз элинин алгачкы агартуучу-окумуштуусу жана саясий-коомдук ишмери. Б., 2002. М. Мамыров.