АМУДАРЫЯ КАЗЫНАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:26, 20 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АМУДАРЫЯ КАЗЫНАСЫ – Грек-Бактрия дооруна (б. з. ч. 4-2 к.) таандык эстелик. 1877-ж. Самарканддан Кундузга кеткен жолдогу Аму дарыянын кечүүсүнө жакын жерден табылган. Амударыя казынасынын табылгасы 179 алтын, 7 күмүш буюм, 1300 коло тыйындан турат. Бул табылга 1897-ж. Индия аркылуу «Британия» музейине жеткирилген.

Алтындан жасалган, атка чегилген араба.

Анда алтындан куюлган статуялар, билериктер, ат, араба, эчки, каз, балык ж. б. бар. Амударыя байыркы көчмөн сак жана скиф урууларынын жакындыгы бар экендигин далилдейт.