АККРЕДИТИВ
Jump to navigation
Jump to search
АККРЕДИТИВ (лат. accreditivus--ишенимдүү) -- 1) кредит берүүчү мекемеде (банкта, көбүнчө аманат банкында) Аккредитивде көрсөтүлгөн сумманы толук же бир бөлүгүн белгиленген мөөнөттө алуу үчүн алуучунун аты жазылып, укугун күбөлөндүргөн баалуу кагаз; 2) милдеттенмелер аткарылгандан кийин товар, иш аткаргандык же кызмат көрсөткөндүк үчүн токтоосуз төлөм алууга мүмкүндүк берүүчү банк эсебинин түрү; ишканалар менен уюмдардын ортосунда акчасыз эсептешуүнун түрү катары, ошондой эле коммерциялык операциялар боюнча эл аралык эсептешүүдө пайдаланылат. Негизги түрлөрүнө акчалай жана товардык (документтүү) Аккредитив кирет.