АМУДАРЫЯ КАЗЫНАСЫ
Jump to navigation
Jump to search
– Грек-Бактрия дооруна (б. з. ч. 4-2 к.) таандык эстелик. 1877-ж.
Самарканддан Кундузга кеткен жолдогу Аму дарыянын кечүүсүнө жакын жерден табылган. А.
к-нын табылгасы 179 алтын, 7 күмүш буюм, 1300
коло тыйындан турат. Бул табылга 1897-ж.
Индия аркылуу «Британия» музейине жеткирилген. Анда алтындан куюлган статуялар,
билериктер, ат, араба, эчки, каз, балык ж. б. бар. А. к. байыркы көчмөн сак ж-а скиф урууларынын жакындыгы бар экендигин далилдейт.