АТРИБУЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:54, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (5)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

(лат. attributio ‒ таандыктык) ‒ 1) адабият таанууда көркөм чыгарманын авторун же анын кайда, качан жазылганын аныктоо. А. ‒ текстологиянын илгертен бери келаткан өтө орчундуу маселелеринин бири. Адабий чындыкты ачуу үчүн А-нын тарыхында методологиялык трагедиянын автору жөнөкөй актёр Шекспир болууга мүмкүн эмес деген шектүү ойлор пайда болгон. Мындай маселелер А-лык далилдер менен чечилген. А-лык далилдерди изилдөө үч топко бөлүнөт: документ фактылар, тексттин идеялык-образдык мазмунундагы мүнөздүү белгилер жана тил менен стилди анализдөө; 2) искусство таанууда А. негизинен чыгарманын стилистикалык жана технол. өзгөчөлүктөрүн (материалын, композициясын, сүрөтчү нүн жекече манерасын ж. б.) анализдөөгө негизделет. А-да чыгарманын сюжетин жана кимге арналгандыгын ачуу, тарыхый-маданий маалыматтарды пайдалануу чоӊ роль ойнойт. Мурда А. адистердин эмпириялык билимине жана божомолуна негизделип келсе, 19-к-дын аягынан ил.-стилистикалык анализге, хим. жана физ. изилдөөлөрдүн жыйынтыгына ж. б. таянат.