АККРЕДИТИВ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:00, 22 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АККРЕДИТИВ (лат. accreditivus--ишенимдүү) -- 1) кредит берүүчү мекемеде (банкта, көбүнчө аманат банкында) А-де көрсөтүлгөн сумманы толук же бир бөлүгүн белгиленген мөөнөттө алуу үчүн алуучунун аты жазылып, укугун күбөлөндүргөн баалуу кагаз; 2) милдет­тенмелер аткарылгандан кийин товар, иш ат­каргандык же кызмат көрсөткөндүк үчүн ток­тоосуз төлөм алууга мүмкүндүк берүүчү банк эсе­бинин түрү; ишканалар менен уюмдардын орто­сунда акчасыз эсептешуүнун түрү катары, о. эле коммерциялык операциялар б‑ча эл аралык эсеп­тешүүдө пайдаланылат. Негизги түрлөрүнө ак­чалай жана товардык (документтүү) А. кирет.