АЙДАРАЛИЕВ Акматбек
АЙДАРАЛИЕВ Акматбек (1916, Чүй обл., Аламүдүн р‑ну, Кайырма кыш. – 1987, Фрунзе ш.) – медицина илимд. доктору (1959), проф. (1960). Кыргыз ССРинин эмг. сиң. врачы (1948). Кыргыз ССРинин илимге эмг. сиң. ишмери. Ташкент медицина ин‑тун бүтүргөн (1939), ошол эле жылдан Нарын обл. саламаттык сактоо бөлүмүнүн, Пржевальскидеги шаардык поликлиниканын башчысы (1941‑43), Кыргыз ССР Саламаттык сактоо министринин орун басары (1947‑50), КММИнин директору (1952‑55), Кыргыз ССР Саламаттык сактоо министри (1960‑63), 1963жылдан КММИде кафедра башчысы болгон. Анын ил.-из. иштери көз ооруларын жана саламаттык сактоонун тарыхын, санитария маселелерин изилдөөгө арналган. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган.
Эмг.: Кыргызстандын саламаттык сактоо ишинин негизги өсүш этаптары. Ф., 1958; Библиографические материалы по здравоохранению и истории Киргизии.Ф., 1962; Советтик Кыргызстанда саламаттык сактоонун өсүшү. Ф., 1970.