Difference between revisions of "АРСТАН топ жылдызы"
Jump to navigation
Jump to search
497-555>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
18:48, 4 Июль (Теке) 2022 -деги абалы
– зодиак топ жылдызы. Жылдыз картасынан А. топ жылдызынын α, β, δ, θ, γ, ξ, η, λ, μ, ε
ж-a λ жылдыздары арстанды элестетет. А. топ
жылдызынын өтө жарык жылдызы (α-Арстан) – Регул. Регулдун айланасында айланган
эки жылдыздын чоңдуктары 7,6m ж-а 13m. А.
топ жылдызынын γ -Арстанынын бирөө сары
түстө, экинчиси кызгылт түстө болуп, кош
жылдыздарды түзөт. А. топ жылдызына тушма-туш аймактан галактикалар табылган.
Ноябрь айында радианты а=152°, δ =+22° болгон Леониддер – метеор уюгу байкалат. КМШ
өлкөлөрүнүн аймагынан кышында ж-а жазында көрүнөт.