Difference between revisions of "ПИПА"
Jump to navigation
Jump to search
(Created page with "'''ПИПА''' – кытайлыктардын хордофондор түркүмүндөгү музыкалык аспабы. Жалпы узундугу адатта 1 м...") |
(Айырма жок)
|
10:42, 12 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку версиясы
ПИПА – кытайлыктардын хордофондор түркүмүндөгү музыкалык аспабы. Жалпы узундугу адатта 1 метрге жакын, ал эми чарасынын жазылыгы 30-40 сантиметр. Мойну кыска келип, анда 4 берене жайгашкан. Калгандары аспаптын капкагынан орун алат. Адатта пипа беренелеринин саны 13-14кө жетет. Кылдары 4-5. Пипа жеке аткаруучулар жана ансамблдин катышуучулары тарабынан колдонулат. Алар ырды, көркөм окууну коштойт. Кытай жазмаларына караганда пипанын байыркы түрү IV кылымда Борбордук Азиядан барган.