ПИПА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

ПИПА – кытайлыктардын хордофондор түркүмүндөгү музыкалык аспабы. Жалпы узундугу адатта 1 метрге жакын, ал эми чарасынын жазылыгы 30-40 сантиметр. Мойну кыска келип, анда 4 берене жайгашкан. Калгандары аспаптын капкагынан орун алат. Адатта пипа беренелеринин саны 13-14кө жетет. Кылдары 4-5. Пипа жеке аткаруучулар жана ансамблдин катышуучулары тарабынан колдонулат. Алар ырды, көркөм окууну коштойт. Кытай жазмаларына караганда пипанын байыркы түрү IV кылымда Борбордук Азиядан барган.