Difference between revisions of "АТ-ТАБАРИ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(Created page with "'''АТ-ТАБАРИ''' (арабча الطبري‎‎), Абу Жафар Мухаммад ибн Жарир ибн Йазид ибн Касир ат-Табари [838/9 (...")
(Айырма жок)

10:49, 2 -октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы

АТ-ТАБАРИ (арабча الطبري‎‎), Абу Жафар Мухаммад ибн Жарир ибн Йазид ибн Касир ат-Табари [838/9 (хижра жылы боюнча 224), Табарстан (азыркы Иран мамлекетиндеги Мазендеран провинциясы), Амол шаары  – 16. 2. 923 (хижранын 310-жылы), Багдад] – араб тарыхчысы, «Тарих ар-русул ва-л-мулук» («Пайгамбар жана падышалардын тарыхы») аттуу эмгектин автору. Бул эмгек көпчүлүк илимий чөйрөдө «Тарих-и ат-Табари» деген аталыш менен белгилүү. Жети жашында куранды жатка билип, 9 жашынан хадистерди жаза баштаган. Рей, Басра, Куфа шаарларында жашап, бир нече жолу Сирия жана Египет өлкөлөрүндө болгон. Байыркы мезгилден 9-кылымга чейинки дүйнө тарыхын камтыган бул эмгегин 914-ж. жазып бүтүргөн. Алгач 30 000 барактан туруп, кийинчерээк автор тарабынан кыскартылган. Араб тили боюнча адис де Гуе (1836–1909) Ат-Табаринин тарыхын басып чыгаруу үчүн эл аралык комитет түзүп, аны жетектеген (1879–1901). 1838–1853-жылдары немец тарыхчысы И. Козегартен (1792–1860)  фарсы, чагатай жана мусулман авторлору колдонгон версияларынын негизинде ат-Табаринин тарыхын латын тилине которуп, басып чыгарууга аракет жасап, болгону үч томдугун (же кол жазманын 5%ин) чыгарган. Ат-Табаринин тарыхынан таңдалма үзүндүлөрдү алгач В. И. Беляев (1902–1976) орус тилине которгон. «Ат-Табаринин тарыхынын» 40 томдугу 1980–2000-жылдары АКШда англис тилинде басылып чыккан.

               Ад.: Крачковская В. А,. Крачковский И. Ю. Древнейший арабский документ из Средней Азии. //Согдийский сборник, Л., 1934; Арабские и персидские источники. //Материалы по истории туркмен и Туркмении. Т. I, М.–Л., 1939; История ат-Табари. Таш., 1987.