Difference between revisions of "АСРАНКУЛОВ Аман Бөрүбаевич"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: категория кошуу)
 
2 -сап: 2 -сап:
[[File:АСРАНКУЛОВ4.png | thumb|Асранкулов А. Б. Кашардын жанында. 1977.]]
[[File:АСРАНКУЛОВ4.png | thumb|Асранкулов А. Б. Кашардын жанында. 1977.]]
<br>
<br>
[[Категория:1-Том]]

10:33, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АСРАНКУЛОВ Аман Бөрүбаевич (24. 12. 1939, Фрунзе ‒ 1998) ‒ живописчи. КРдин эл сүрөтчүсү (1997), Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты. Фрунзедеги көркөм сүрөт окуу жайын (1964), Москвадагы В. И. Суриков атындагы көркөм сүрөт институтун (1969) бүтүргөн. 1970-жылдан республикалык, бүткүл союздук жана эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу. 1971-жылдан СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. 1976-жылы Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун Ош облустук бөлүмүнүн төрагасы болуп шайланган. А. Асранкуловдун чыгармачылыгын көбүнчө сюжеттик-тематикалык жана портрет жанры түзгөн: «Тамекичилер», «Теӊтуштар» (1973), «Тамеки престөөчүлөр» (1980). А. Асранкуловдун эмгектери Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде жана КМШ өлкөлөрүнүн музейлеринде сакталууда.

АСРАНКУЛОВ3.png
Асранкулов А. Б. Кашардын жанында. 1977.