Difference between revisions of "АНАРОВ Айтбай"
Jump to navigation
Jump to search
324-432>KadyrM |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
00:02, 5 Май (Бугу) 2022 -деги абалы
Айтбай (1904, Ош обл., Араван р-ну,
Ачы айылы –30.1.1989, ошол эле жерде) – а. ч.
өндүрүшүн уюштуруучусу, Соц. Эмг. Баатыры
(1957). 1936-жылга чейин
«Ачы», «Комсомол» колхоздорунун башкармасынын
төрагасынын орун басары,
1936-жылдан Ош обл-нун
Араван р-нундагы «Коммунизм» колхозунун башкармасы. Ал жетектеген колхоз алдынкы чарбага айланып, а. ч. өсүмдүктөрүнүн
түшүмдүүлүгү артып, коомдук малдын саны көбөйүп, кунардуулугу жогорулаган. Ленин, эки Эмгек Кызыл Туу ордендери м-н сыйланган.