БАГЫНЫҢКЫ СҮЙЛӨМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:07, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

БАГЫНЫҢКЫ СҮЙЛӨМ ‒ багыныӊкы байланыштагы кошмо сүйлөмдүн тутумунда туруп, мааниси жана грамматикалык түзүлүшү боюнча баш сүйлөмгө багынычтуу, көз каранды болгон бирдик (сүйлөм). Кошмо сүйлөмдүн тутумундагы багыныӊкы сүйлөмдөрдүн синтаксистик милдеттери ар түрдүү келип, аны аныктоонун, классификациялоонун негизги критерийи катары баш сүйлөм менен багыныӊкы сүйлөмдүн маанилик ички катыштары эсептелет. Мындай катыштар байламталардын жана багыныӊкы сүйлөмдүн баяндоочунун түзүлүшү менен формасынын жардамы аркасында аныкталат. Кыргыз тилинде Багыныңкы сүйлөм баш сүйлөм менен түзгөн маанилик катышына, баяндоочунун формасына жана түзүлүшүнө, аткарган синтаксистик милдетине жараша: мезгил Багыныңкы сүйлөм, шарттуу Багыныңкы сүйлөм, себеп Багыныңкы сүйлөм, сыпат Багыныңкы сүйлөм, каршы Багыныңкы сүйлөм, салыштырма Багыныңкы сүйлөм, максат Багыныңкы сүйлөм, өлчөм Багыныңкы сүйлөм, орун Багыныңкы сүйлөм болуп бөлүнөт.