АНАЛИЗДИН КИНЕТИКАЛЫК МЕТОДДОРУ
Jump to navigation
Jump to search
АНАЛИЗДИН КИНЕМАТИКАЛЫК МЕТОДДОРУ– реакцияга кирүүчү заттардын концент-сы менен хим. реакциялардын ылдамдыгынын ортосундагы көз карандылыкка негизделген хим. анализ. Мында убакыт бирдигинде реакцияга кирген баштапкы заттардын же пайда болгон продуктунун саны өлчөнөт. Аныкталуучу элементтин катализатор катары реакциянын ылдамдыгына (v) көрсөткөн таасири төмөнкү тендеме менен туюнтулат:
, мында, – катализатордун, баштапкы заттардын жана продуктунун концент-лары; к – ылдамдык константы; t – убакыт. Бул методдор менен микроэлементтер жана металлдардын, куймалардын, суунун, өтө таза заттардын курамындагы эң аз сандагы кошулмалар аныкталат.