АК-СУУ МӨҢГҮСҮ 1

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
‒ Түркстан кырка тоосунун түн. капталындагы татаал-өрөөн тибиндеги мөӊгү. Кожо-Бакырган суусунун алабынан орун алган. Уз. 6,5 км, аянты 6,5 км2, абляциясынын аянты 3,8 км2. Көлөмү 0,268 км3. Мөӊгүнүн башы деӊиз деӊг. 5000 м, этеги 3400 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4000 м. Фирн облусу карама-каршы жаткан эки циркти ээлейт. Каптал моренасын этек моренасы улай, дого сымал жалчаны пайда кылат. Мөӊгү чегинүүдө. Андан Ак-Суу суусу агып чыгып, Ак-Мечит суусунун курамы‒Кара-Сууга куят.