АЙВАЗОВСКИЙ, Иван Константинович
АЙВАЗОВСКИЙ, Г а й в а з о в с к и й Иван (Ованес) Константинович [17 (29). 7. 1817, Феодосия – 19. 4 (2. 5). 1900, ошол эле жерде] – орус сүрөтчүсү,
деңиз пейзажынын чебери. 1833‑37‑ж. Петербург сүрөт академиясында окуган. 1844‑жылдан Башкы деңиз штабынын сүрөтчүсү. 1845‑жылдан Феодосияда жашап, өзүнүн өнөрканасында сабак берген (1986) ж‑а сүрөт галереясын негиздеген (1880). 1845‑ж. академик, 1847‑ж. проф., 1887‑ж. Сүрөт академиясынын ардактуу мүчөсү, европалык бир нече сүрөт академиясына мүчө болуп шайланган. Алгачкы иштеринде Айвазовский өзүнүн окутуучуларынын салтын улантып, «Петер бургдун чет жакасындагы деңиз жээгинин көрүнүшү» (1835) деген сүрөтүн тарткан. 1840‑ж. өз мезгилинин эң көрүнүктүү маринисти деген европалык атакка ээ болгон. Аны замандаштары К. П. Брюллов, В. Д. Жуковский, У. Тёрнер жогору баалашкан. Сүрөтчү 1836‑ж. А. С. Пушкин м-н таанышып, ага бир катар картиналарын арнаган.
Айвазовскийдин бүткүл өмүрүндөгү искусствосунун негизги темасы дайым өзгөрүлмөлүү, каардуу деңиз болуп кала берген. Чыгармалары талкаланган кемелердеги деңиздин толкуну м-н күрөшкөн адамдарды романтикалык эффектте чагылтып, таасирлүү эргүүнү пайда кылат. «Тогузунчу вал» (1850), «Чесмен согушу», «Наваррин согушу» (1848), «Кара деңиз» (1881), «Толкундар арасында» (1898) деген шедеврлердин, ошондой эле 6 миңге жакын картина, сүрөт ж-а акварелдин автору. Ад.: Пилипенко В. Н. Айвазовский И. К. М., 1980.