АРУЗ, а р у д
Jump to navigation
Jump to search
, а р у д (ар.) – түрк тилдеринде сүйлөгөн
калктардын классикалык поэзиясында, о. эле
араб-фарсы ад-тында тараган ыр түзүлүшү. Бул
түзүлүштөгү ырлар узун ж-а кыска муундардын
кезектешип алмашуусуна, о. эле саптагы муундардын сапатына ж-а чен-өлчөмүнө негизделет.
А. м-н жазылган алгачкы чыгармалардын бири – Жусуп Баласагунинин «Кутадгу билиг» дидактикалык дастаны. А. ар элде өзүнчө өзгөчөлүктөргө ээ болуп, «араб арузу», «фарсы арузу»,
«түрк арузу» деп жиктелет. Ал Жами, Навои, Хафиз, Саади, Бабур, Махтумкули, Низами ж. б.
классиктердин ыр жазуу системасына айланган.