Difference between revisions of "АВВАКУМ"
9-71>KadyrM |
м (→top: категория кошуу) |

(4 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АВВАКУМ''' Петров (20. 11. 1620–14. 4. 1682) – орустун эски ырым-жырымдарын жактоочуларынын диний кыймылынын (старообрядчество) идеологу, протопоп. Патриарх Никондун чиркөө реформасын таануудан баш тарткандыгы үчүн 1653-жылы үй-бүлөсү менен Тобольскиге сүргүнгө айдалган. 1663-жылы Москвага кайтып келген, бирок расмий чиркөө менен күрөшүн уланта берген. 1666-жылы чиркөөлүк собордун чечими менен Аввакумов чиркөөдөн четтетилген (анафемага берилген), Пустозерской острогуна сүргүнгө айдалган, 1682-жылы чиркөө соборунун өкүмү менен жыгач тамда өрттөлгөн. Өзүнүн чыгармаларында («Книга бесед», «Книга толкований», атактуу «Житие» ж. б.) расмий чиркөөнүн каталарын жана падышанын «чындыкка жатпаган калпычылыгын» айгинелеп бетин ачкан.
''Б. Солтонбеков.''

1682- | [[Категория:1-Том]] | ||
08:09, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АВВАКУМ Петров (20. 11. 1620–14. 4. 1682) – орустун эски ырым-жырымдарын жактоочуларынын диний кыймылынын (старообрядчество) идеологу, протопоп. Патриарх Никондун чиркөө реформасын таануудан баш тарткандыгы үчүн 1653-жылы үй-бүлөсү менен Тобольскиге сүргүнгө айдалган. 1663-жылы Москвага кайтып келген, бирок расмий чиркөө менен күрөшүн уланта берген. 1666-жылы чиркөөлүк собордун чечими менен Аввакумов чиркөөдөн четтетилген (анафемага берилген), Пустозерской острогуна сүргүнгө айдалган, 1682-жылы чиркөө соборунун өкүмү менен жыгач тамда өрттөлгөн. Өзүнүн чыгармаларында («Книга бесед», «Книга толкований», атактуу «Житие» ж. б.) расмий чиркөөнүн каталарын жана падышанын «чындыкка жатпаган калпычылыгын» айгинелеп бетин ачкан.
Б. Солтонбеков.