Difference between revisions of "АВОГАДРО"
9-71>KadyrM |
м (→top: категория кошуу) |

| (6 intermediate revisions by 4 users not shown) | |||
| 1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АВОГАДРО''' Амедео (9.8.1776, Турин – 9.7.1856, ошол эле жерде) – италиялык физик жана химик. Алгач юридикалык билим алып, кийин физика, математика илимдерин окуган. Турин ИАнын корреспондент мүчөсү (1804), академик (1819), физика-математика бөлүмүнүн директору. 1806–19-жылдары Турин университетинин лицейинде физика мугалими, 1820–22- жана 1834–50-жылдарда профессор. Эмгектери физика жана химиянын ар кандай бөлүмдөрүнө (электр, электр-химия, теория, салыштырма жылуулук сыйымдуулук, капиллярдуулук ж. б.) арналган. 1811-жылы заттардын түзүлүшү жөнүндөгү молекулалык божомолду, атом жана молекулалык массаны аныктоо ыкмасын сунуш кылып, газ закондорунун бирин ачкан (''Авогадро закону),'' 1 ''моль'' идеалдык газдын молекулалык саны, универсалдуу турактуулук Авогадронун аты менен аталган ''(Авогадро саны).'' Авогадро 4 томдук физикалык-химиянын элементтерин камтыган молекулалык физика китебинин автору. | |||
[[File:АВОГАДРО85.png | thumb | Аврелий Марктын колодон жасалган атчан статуясы.]] | [[File:АВОГАДРО85.png | thumb|Аврелий Марктын колодон жасалган атчан статуясы.]] | ||
[[Категория:1-Том]] | |||
08:12, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы
АВОГАДРО Амедео (9.8.1776, Турин – 9.7.1856, ошол эле жерде) – италиялык физик жана химик. Алгач юридикалык билим алып, кийин физика, математика илимдерин окуган. Турин ИАнын корреспондент мүчөсү (1804), академик (1819), физика-математика бөлүмүнүн директору. 1806–19-жылдары Турин университетинин лицейинде физика мугалими, 1820–22- жана 1834–50-жылдарда профессор. Эмгектери физика жана химиянын ар кандай бөлүмдөрүнө (электр, электр-химия, теория, салыштырма жылуулук сыйымдуулук, капиллярдуулук ж. б.) арналган. 1811-жылы заттардын түзүлүшү жөнүндөгү молекулалык божомолду, атом жана молекулалык массаны аныктоо ыкмасын сунуш кылып, газ закондорунун бирин ачкан (Авогадро закону), 1 моль идеалдык газдын молекулалык саны, универсалдуу турактуулук Авогадронун аты менен аталган (Авогадро саны). Авогадро 4 томдук физикалык-химиянын элементтерин камтыган молекулалык физика китебинин автору.