Difference between revisions of "АМАЗОНКАЛАР"
м (1 версия) |

| (8 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
| 1 -сап: | 1 -сап: | ||
'''АМАЗОНКАЛАР'''– грек мифологиясындагы Арес кудайы менен Гармониядан таркаган согушчан аялдардын уруусу. Уламыштар боюнча амазонкалар ''Кичи Азиядаты'' Фемискир тоосунун жанындагы Фермодонт дарыясынын жээктеринде жана Меотида көлүнө (Азов дарыясы) жакын, ''Кавказ'' тоосунун этектеринде жашашкан. Алар Арес жана Артемидага сыйынышкан. Амазонкалар жөнүндөгү уламыштарда алардын эркектерди жек көрүшөөрү, бирок өз уруусун сактап калуу, тукум калтыруу үчүн гана башка уруулардын эркектери менен байланышка барышаары тууралуу айтылат. Жаңы төрөлгөн эркек балдарын аталарына берип салышкан же төрөлгөндө эле өлтүрүшкөн, ал эми уруу арасында кыздарды гана калтырышып, аларга согуш өнөрүн үйрөтүшкөн. Жаа, айбалта, жеңил калкандар менен куралданышын, курал колдонууга ыңгайлуу болуш үчүн, кыздардын сол жак (кээде оң жак) көкүрөгүн күйгүзүп же баса таңып салышкан. Амазонкалардын ханышасы Ипполита тагынып жүрүүчү Арес кудайынын кемерин өз кызына алып берүү үчүн Эврисфей падыша Гераклды жөнөтөт. Геракл Фемискирди курчап,Ипполитаны өлтүрүп, кемерине ээ болот. Бул жортуулга Геракл менен кошо аттанган Тесей амазонка Антиопаны (айрым версия боюнча Ипполита жана Меланипаны) уурдап кетет. Ушундан кийин амазонкалар Афиныга кол салышып, бирок жеңилип калышат. Антиопа Тесейге уул төрөп берет. Байыркы грек искусствосунда амазонкалардын ажайып сулуулугу, ошондой эле грек жоокерлери менен салгылашып жаткан учурлары (башкача айтканда амазономахия) чагылдырылган. Амазонкалар менен олимпиялык баатырлардын салгылашуулары жөнүндөгү мифтерде матриархат доорунун элементтери камтылган. | |||
Арес кудайы м-н Гармониядан таркаган согушчан аялдардын уруусу. Уламыштар | [[Категория:1-Том]] | ||
Азиядаты'' Фемискир тоосунун жанындагы Фермодонт | |||
(Азов | |||
жашашкан. Алар Арес ж-а Артемидага сыйынышкан. | |||
уруулардын эркектери м-н байланышка барышаары тууралуу айтылат. Жаңы төрөлгөн эркек балдарын аталарына берип салышкан же | |||
төрөлгөндө эле өлтүрүшкөн, ал эми уруу арасында кыздарды гана калтырышып, аларга согуш өнөрүн үйрөтүшкөн. Жаа, айбалта, жеңил | |||
калкандар м-н куралданышын, курал колдонууга ыңгайлуу болуш үчүн, кыздардын сол жак | |||
(кээде оң жак) көкүрөгүн күйгүзүп же баса таңып салышкан. | |||
кызына алып берүү үчүн | |||
Ипполитаны өлтүрүп, кемерине ээ болот. Бул | |||
жортуулга Геракл м-н кошо аттанган Тесей амазонка Антиопаны (айрым версия | |||
кийин | |||
матриархат доорунун элементтери камтылган. | |||
11:29, 18 Июль (Теке) 2025 -га соңку версиясы
АМАЗОНКАЛАР– грек мифологиясындагы Арес кудайы менен Гармониядан таркаган согушчан аялдардын уруусу. Уламыштар боюнча амазонкалар Кичи Азиядаты Фемискир тоосунун жанындагы Фермодонт дарыясынын жээктеринде жана Меотида көлүнө (Азов дарыясы) жакын, Кавказ тоосунун этектеринде жашашкан. Алар Арес жана Артемидага сыйынышкан. Амазонкалар жөнүндөгү уламыштарда алардын эркектерди жек көрүшөөрү, бирок өз уруусун сактап калуу, тукум калтыруу үчүн гана башка уруулардын эркектери менен байланышка барышаары тууралуу айтылат. Жаңы төрөлгөн эркек балдарын аталарына берип салышкан же төрөлгөндө эле өлтүрүшкөн, ал эми уруу арасында кыздарды гана калтырышып, аларга согуш өнөрүн үйрөтүшкөн. Жаа, айбалта, жеңил калкандар менен куралданышын, курал колдонууга ыңгайлуу болуш үчүн, кыздардын сол жак (кээде оң жак) көкүрөгүн күйгүзүп же баса таңып салышкан. Амазонкалардын ханышасы Ипполита тагынып жүрүүчү Арес кудайынын кемерин өз кызына алып берүү үчүн Эврисфей падыша Гераклды жөнөтөт. Геракл Фемискирди курчап,Ипполитаны өлтүрүп, кемерине ээ болот. Бул жортуулга Геракл менен кошо аттанган Тесей амазонка Антиопаны (айрым версия боюнча Ипполита жана Меланипаны) уурдап кетет. Ушундан кийин амазонкалар Афиныга кол салышып, бирок жеңилип калышат. Антиопа Тесейге уул төрөп берет. Байыркы грек искусствосунда амазонкалардын ажайып сулуулугу, ошондой эле грек жоокерлери менен салгылашып жаткан учурлары (башкача айтканда амазономахия) чагылдырылган. Амазонкалар менен олимпиялык баатырлардын салгылашуулары жөнүндөгү мифтерде матриархат доорунун элементтери камтылган.