Difference between revisions of "АМАЗОНКА ОЙДУҢУ"

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
м (→‎top: clean up, replaced: м-н → менен (3), ж-а → жана (3))
м (→‎top: категория кошуу)

(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 -сап: 1 -сап:
'''АМАЗОНКА ОЙДУҢУ,''' А м а з о н и я – Түш.Америкадагы табигый аймак. Амазонка д-нын алабын ээлейт. Негизинен Бразилиянын, о. эле Колумбия, Эквадор жана Перунун аймагында. Аянты 5 млн ''км2''ден ашык. А-га Амазонка ойдуңу бүт, Гвиана (түндүгүндө) жана Бразилия
'''АМАЗОНКА ОЙДУҢУ,''' А м а з о н и я – Түштүк Америкадагы табигый аймак. Амазонка дарыясынын алабын ээлейт. Негизинен Бразилиянын, ошондой эле Колумбия, Эквадор жана Перунун аймагында. Аянты 5 млн ''км2''ден ашык. Амазонияга Амазонка ойдуңу бүт, Гвиана (түндүгүндө) жана Бразилия (түштүгүндө) бөксө тоолорунун жапыз капталдары кирет. Ойдуң тектоникалык ийилүүдөн (синеклизадан) орун алган. Экватор алкагынын табигый ландшафты толук сакталган кенен түздүктөрдөн турат. Батыш Амазонияга накта экватордук ландшафт мүнөздүү. Мында жылдык жаан-чачын 3000 ''мм''ге чейин түшүп, дайыма суусу мол дарыялар көп, өсүмдүктөр менен жаныбарлардын эндемик түрлөрү бар экватордук токой (гилей) өсөт. Чыгыш Амазония дөңсөөлүү (бийиктиги 350 ''м''ге жетет), дарыялары босоголуу, терең капчыгайлар менен агат. Жалбырагы күбүлмө токой басымдуу, айрым жеринде саванна кездешет. Калк сейрек отурукташкан, алар негизинен токой чарбасы, аңчылык кылып, балык  уулап, ошондой эле дыйканчылык менен кесип кылат. Кен байлыктары – марганец (Сьерра-ду-Навиу), калай (Рондония аймагы), алмаз жана алтын (Мадейра бассейни). Негизинен дарыялар аркылуу катташат. Амазониянын түштүк бөлүгүнөн Бразилиядагы эң чоң жол – Трансамазонка автомобиль жолу өтөт.
(түштүгүндө) бөксө тоолорунун жапыз капталдары кирет. Ойдуң тектон. ийилүүдөн (синеклизадан) орун алган. Экватор алкагынын табигый ландшафты толук сакталган кенен түздүктөрдөн турат. Батыш А-га накта экватордук ландшафт мүнөздүү. Мында жылдык жаан-чачын 3000 ''мм''ге чейин түшүп, дайыма суусу мол дарыялар көп, өсүмдүктөр менен жаныбарлардын эндемик түрлөрү бар экватордук токой (гилей) өсөт. Чыгыш А. дөңсөөлүү (бийикт. 350 ''м''ге жетет), дарыялары босоголуу, терең капчыгайлар менен агат. Жалбырагы күбүлмө токой басымдуу, айрым жеринде саванна кездешет. Калк сейрек отурукташкан, алар негизинен токой чарбасы, аңчылык кылып, балык  уулап, о. эле дыйканчылык менен кесип кылат. Кен байлыктары –марганец (Сьерра-ду-Навиу), калай (Рондония аймагы), алмаз жана алтын (Мадейра бассейни).Негизинен дарыялар аркылуу катташат. А-нын түш. бөлүгүнөн Бразилиядагы эң чоң жол – Трансамазонка автомобиль жолу өтөт.
[[Категория:1-Том]]

09:31, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку версиясы

АМАЗОНКА ОЙДУҢУ, А м а з о н и я – Түштүк Америкадагы табигый аймак. Амазонка дарыясынын алабын ээлейт. Негизинен Бразилиянын, ошондой эле Колумбия, Эквадор жана Перунун аймагында. Аянты 5 млн км2ден ашык. Амазонияга Амазонка ойдуңу бүт, Гвиана (түндүгүндө) жана Бразилия (түштүгүндө) бөксө тоолорунун жапыз капталдары кирет. Ойдуң тектоникалык ийилүүдөн (синеклизадан) орун алган. Экватор алкагынын табигый ландшафты толук сакталган кенен түздүктөрдөн турат. Батыш Амазонияга накта экватордук ландшафт мүнөздүү. Мында жылдык жаан-чачын 3000 ммге чейин түшүп, дайыма суусу мол дарыялар көп, өсүмдүктөр менен жаныбарлардын эндемик түрлөрү бар экватордук токой (гилей) өсөт. Чыгыш Амазония дөңсөөлүү (бийиктиги 350 мге жетет), дарыялары босоголуу, терең капчыгайлар менен агат. Жалбырагы күбүлмө токой басымдуу, айрым жеринде саванна кездешет. Калк сейрек отурукташкан, алар негизинен токой чарбасы, аңчылык кылып, балык уулап, ошондой эле дыйканчылык менен кесип кылат. Кен байлыктары – марганец (Сьерра-ду-Навиу), калай (Рондония аймагы), алмаз жана алтын (Мадейра бассейни). Негизинен дарыялар аркылуу катташат. Амазониянын түштүк бөлүгүнөн Бразилиядагы эң чоң жол – Трансамазонка автомобиль жолу өтөт.